БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
КРСУда студенттерден акча талап кылган кызматкерлер аныкталды
14.11.2023 | 19:10
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин кызматкерлеринин мыйзамсыз акча талап кылганын аныктады.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган университеттин кафедра башчыларынын бири “О.Б.С.” жана методикалык лаборант “Ш.Ж.Б.” экзаменге баа жана академиялык карыздарды жабуу үчүн студенттерден мыйзамсыз акча талап кылышкан.
Учурда бул факты боюнча мыйзамсыз аракетке катышкан башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Учурда “О.Б.С.” жана “Ш.Ж.Б.” жумуштан бошотулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар