Баткенде селден улам жараксыз болгон көпүрөнүн ордуна жаңысы салынды

Баткенде селден улам жараксыз болгон көпүрөнүн ордуна жаңысы салынды

Баткен шаарынын К.Турмаматов көчөсүндөгү селдин суулары агып өткөн сайга жаңы көпүрө курулду. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Учурда курулуш иштери аяктап, актап-сырдоо иштери жүрүп жатат. Эски көпүрө көп келген сел сууларынан улам жараксыз абалга келип, кооптуулук жараткан. Мындан улам анын ордуна жаңысын салуу каралган. Акыркы келген сел суулары сайга жакын жашаган тургундардын короолоруна кирип, жашоочулары материалдык зыянга учураткан.

Көпүрөнү салууга 10 млн сомдон ашык акча кетип, анын 7 млн 500 миң сому Баткен облусунун өнүктүрүү фондунан, 2 млн 800 миң сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>