Мөөнөтү өтүп кеткен сыр, колбаса сатып жүргөн ишкер кармалды

Мөөнөтү өтүп кеткен сыр, колбаса сатып жүргөн ишкер кармалды

УКМК тарабынан калкты азык-түлүк менен камсыз кылуу шартында экономикалык коопсуздукту жакшыртуу боюнча көрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө мөөнөтү өтүп кеткен импорттук азык-түлүктөрдү сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкектеги кампалардын биринде азык-түлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү өзгөртүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жыйынтыгында, Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык кызматтын жана Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык станциясынын адистерин тартуу менен ижарачы ишкерлер К.С.В. жана М.Р.А. иштеткен Бишкек шаарындагы “Маслосырбазанын” кампаларынын биринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Аталган ишкерлер мөөнөтүнөн өтүп кеткен мөөнөттөрдү кайра басуу, чет элдик чийки колбаса азыктарын жеткирүүчүлөрдүн этикеткаларын даярдоо боюнча жашыруун цех уюштурушканы, кийин алар Кыргызстандагы ири соода түйүндөрү аркылуу калкка сатылып жаткандыгы аныкталган.

Мындан тышкары, бажы жана салык органдары тарабынан эсепке алынбаган чет элдик жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн товарлары аныкталды.

Мындай аракеттер биринчи кезекте элдин саламаттыгына, ошондой эле мамлекеттин экономикасына олуттуу зыян келтирет. Мөөнөтү өткөн товарлардын баары конфискацияланып, тиешелүү тартипте жок кылынат.

Бул кылмыш иши боюнча жеке ишкерликтин ээси К.С.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.   Учурда бул жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө уруксат берген кызмат адамдарын аныктоо, ошондой эле ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>