БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Крым көпүрөсүндө жарылуу болду, – видео
08.10.2022 | 11:33
Крым көпүрөсүндө жарылуу болуп, андан кийин ал жерде өрт чыкты, деп жазат Kerch.fm.
Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү май куюлган цистерна күйүп кетти, деп билдирди Крымдын башчысынын маалымат саясаты боюнча кеңешчиси Олег Крючков телеграмм каналында.
Радиостанция жүк ташуучу поезд өрттөнүп жатканын тастыктайт.
«Навигациялык аркалар жабыркаган эмес. Себептери жана кесепеттери тууралуу айтуу али эрте. Өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат», — деп жазган Крючков.
Жол башкармалыгы көпүрөдө кыймыл токтотулганын, ал жерде жол кызматтары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иштеп жатканын билдирди. Kerch.fm агенттиги өрттөн чыккан түтүн кысык тарапка кетип жатканын, бирок акваторияда кемелер жок экенин белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар