Ысык-Көлдө балыктар куткарылды — видео

Ысык-Көлдө балыктар куткарылды — видео

Ысык-Көлдө балыктардын урук чачуу мезгили башталанга байланыштуу,  Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык кызматкерлери жана Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу жана Даркан айылдарынын жаш активисттери менен биргеликте, эки айылдын  ортосунда жайгашкан «Кашат» кичи суусунда балыктарды куткаруу иш-чаралар жүргүзүлдү.

Облустук милициянын маалыматына караганда, кээ бир балыктардын түрлөрү урук чачуу үчүн көлдөн агын сууларга же агын суулардан көлгө барышат. Ошондуктан балыктардын урук таштоочу жерлер тоо суулары болуп саналат. Тилеке каршы көбүнчө балыктар көздөгөн жерине, башкача айтканда, урук таштоочу жерге жетпей калат. Мунун негизги себеби, агын сууларда суунун азайышы.

Учурда браконьерлер атайын пайдаланып, форель балыктарын урук чачууга чейинки мезгилде агын суулардын жээгинен деге сайып кармашат.

Ушундан улам, балыктардын ар түрдүлүгүн сактап калуу максатында, милиция кызматкерлери жана айылдын жаштары агын суу менен урук чачууга бараткан балыктарды торлор менен тозуп, алдын ала даярдалган  кычкылтек жана суу менен каныккан атайын идишке жайгаштырылып, андан соң дароо эле тоо суулардын башатында балыктар сууга койе берилген.

Буга чейин туристтик-экологиялык кызматкерлери тарабынан, балыктардын миграциялык жолдордон коопсуз өтүшү үчүн акваториядагы браконьерлердин торлорунан толук арылтуу боюнча иш-чаралары жүргүзүшүп келген жана бул багыттагы иштер дагы да эле уланып күчтөлүүдө.

Бул терс көрүнүштүн себептеринин бири, албетте, акыркы жылдары Ысык-Көлдө браконьерликтин күчөшү. Орточо алганда, урук чачуу мезгили эки жумага созулат. Ушул тапта суу сактагычтарга рекреациялык балык уулоого чектөөлөр киргизилет, аларды бузуу, айып салуу түрүндөгү жазага алып келет.

 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: балык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>