Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Кубанычбек Өмүралиев Түрк мамлекеттер уюмунун катчысы болду
11.11.2022 | 13:47
Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын чечими менен Кыргыз Республикасынын өкүлү — Кубанычбек Өмүралиев ТМУнун Башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тийиштүү чечим бүгүн Самарканд шаарында өтүп жаткан Уюмдун Саммитинин жүрүшүндө кабыл алынды.
Кубанычбек Өмүралиев буга чейин Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси жана Анкара шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Израилдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматын ээлеген.
Уюмдун Башкы катчысы үч жылдык мөөнөткө шайланат. Буга чейин бул кызматты Х.Акынжы (Түркия), Р. Гасан (Азербайжан), Багдад Амреев (Казакстан) ээлеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом