Кубанычбек Жумалиев Жапыкеевди сотко берет

Кубанычбек Жумалиев Жапыкеевди сотко берет

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевди сотко бере турганын билдирди.

Бул тууралуу ал, 5-ноябрдагы парламенттин жыйынында танапис учурунда журналистерге берген маегинде айткан.

Кубанычбек Жумалиев өзүнө таандык 34 компаниянын жетөө гана иштеп жатканын белгиледи.

«Мен илимпоз, билимдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары эч качан коррупциялык иштерге катышкан эмесмин. Эмне тапсам өз эмгегим менен жеттим. 2005-2017-жылдар аралыгында менин 34 мүлкүм болгон. Ал жылдары күнү-түнү бизнес менен алектенип, чет жактан инвесторлорду тартып ишканаларды ачтык. Азыр алардын көпчүлүгү киреше бербейт. Жапыкеев мен жөнүндө туура эмес маалымат таратып, каралап жатат. Бир туугандарымдын мүлкүн тинтишти. Бет капчан, куралчан балдар барыптыр, булар эмне террорчу же киргизбей коё турган адамдар беле. Жөн эле чакырып сүйлөшсө болмок», — деди Жумалиев.

Эл өкүлү Финполдун жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып жатканын айтып, аны сотко берерин кошумчалады.

Финпол кызматы кечээ, 4-ноябрда Жумалиевге тиешелүү делген Бишкектеги «Гоин», «Таатан» соода борборлоруна жана Инновациялык технологиялар эл аралык университетине тинтүү жүргүзгөн.

Жапыкеев кызматка келе электе Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. 

Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>