Кубатбек Боронов реанимация бөлүмүндө дарылануудабы?

Кубатбек Боронов реанимация бөлүмүндө дарылануудабы?

Коронавирус илдетине кабылганы айтылган мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов оорукананын жандандыруу бөлүмүндө эмес, кадимки эле палатада дарыланууда. Бул тууралуу “Репортерго” анын жакындары билдирди.

Маалыматка караганда, ал бир апта мурун COVID илдетин жуктуруп алган.

“Азыр дене табынын өлчөмү 37-38 градус болуп жатат. Бирок ал айрым маалымат каражаттары жазып жаткандай жандандыруу бөлүмүндө эмес, кадимки эле палатада дарыланууда”, – деди анын жакындары.

Буга чейин саламаттык сактоо министрлигиндеги жеке булактарыбыз Бороновдун пневмания илдетине кабылганын тастыктаган.

Белгилей кетсек, Кубатбек Боронов 9-октябрда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун  жарлыгы менен отставкага кеткен. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>