Өкмөт ломбарддардын ишин уюштуруунун жаңы талаптарын бекиттиМанас шаарында “Фуркан” диний кыймылынын 20 мүчөсү кармалдыТоолуу райондорго кар көчкү түшүүсү күтүлөтБишкекте Кыргызстан менен АКШнын сүйлөшүүлөрү өтүүдө. Эмне талкууланып жатат?Бишкекте жеке менчик автомектептин жетекчиси бир айга камалдыОш облустук төрөт стационары 87,9 млн сомго капиталдык оңдоодон өттү
Күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди сатууда көзөмөл күчөтүлөт
31.01.2026 | 15:00

Кыргызстанда күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди эсепке алуу жана бейтаптарга берүү тартибине көзөмөл күчөтүлөт. Мындай чаралар «аптекалык наркоманиянын» алдын алуу жана психотроптук заттардын туура эмес максатта колдонулушуна бөгөт коюу үчүн көрүлүүдө.
Бул маселе ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен өткөн жолугушууда талкууланды. Жыйынга Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү да катышты.
Жолугушуунун алкагында төмөнкү маселелерге өзгөчө көңүл бурулду:
- Күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди берүүдө көзөмөлдү күчөтүү;
- Дарыларды эсепке алуу, сактоо жана отчёттуулук талаптарын так сактоо;
- Дары каражаттарын медициналык эмес максатта колдонууга жол бербөө;
- Баңгизатка болгон көз карандылыктын алдын алуу багытында мекемелер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
ИИМдин өкүлдөрү дары каражаттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшү боюнча учурдагы абалды талдап, мыйзам бузган тараптар жоопкерчиликке тартыларын эскертишти.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат