БА өлкөлөрүнө көп вектордуу саясат гана жетишсиз — экспертСадыр Жапаров: 2030-жылга чейин өлкөдө 60 жаңы маданий объект курулатПрезидент келечекте «Студенттик насыя» механизми ишке киргизилерин билдирдиСадыр Жапаров: үй-бүлө мамлекеттик саясаттын көңүл чордонунда болот«Балдарды камактагылардай колдонуп жатышат»: Бекешев мектептердеги эмгек иштери тууралууСадыр Жапаров: чыныгы инвестордун артынан чиновниктер өздөрү чуркашы керек
«Үйдө жалгыз» тасмасында Кевиндин апасын аткарган актриса Кэтрин О’Хара дүйнө салды
31.01.2026 | 13:30

30-январда белгилүү америкалык жана канадалык актриса Кэтрин О’Хара Лос-Анжелестеги үйүндө көпкө созулбаган оорудан кийин 71 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу анын менеджери ырастаганын Variety басылмасы жазып чыкты.
Кэтрин О’Хара дүйнөлүк коомчулукка «Үйдө жалгыз» (Home Alone) комедиясында башкы каарман Кевиндин апасынын ролу менен таанылган. Ошондой эле ал карьерасынын акыркы жылдарында «Шиттс Крик» (Schitt’s Creek) сериалындагы ролу менен ийгиликке жетишкен.
Актриса карьерасын 1970-жылдардын ортосунда Канадада баштаган. Ал актрисалык менен бирге сценаристтик иш менен да алектенген. 1982-жылы өзүнүн алгачкы «Эмми» сыйлыгын сценарий жазгандыгы үчүн алган. О’Хара жалпысынан эки жолу «Эмми» сыйлыгына татыган.