Кудрет Тайчабаров 30-декабрга чейин СИЗО-1ге камалды

Жогорку Кеңештин депутаттыгына мурдагы талапкер Кудрет Тайчабаров ушул жылдын 30-декабрына чейин СИЗО-1ге камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 8-ноябрда чыгарган.
7-ноябрда Кудрет Тайчабаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен айып коюлууда. Бул кылмыш үчүн мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазасы каралган.
Эске салсак, буга чейин соцтармактарда Сокулук району боюнча №19 шайлоо округунан талапкерлигин коюп жаткан Кудрет Тайчабаровдун маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарап кеткен.
Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы аны “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоодон баш тарткан.
Андан кийин соцтармактарда Кудрет Тайчабаров бул окуялар боюнча билдирүү жасаган видеосу тарап, анда ал: “Октябрь окуялары учурунда уюшкан топтун мүчөлөрү азыркы бийликти колдоп митингге чыгышкан, анда президент да уюшкан топтун мүчө болот”,- деп айткан.