Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, таза пайдасы 548 миллион долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүн
Ош мэри: Ош шаарынын борбору Жапалак айылына көчүрүлөт
10.11.2025 | 14:05

Ош шаарынын борборун Жапалак айылына көчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэри Жеңишбек Токторбаев оңдоп-түзөөдөн өткөн Көкүм-Бий көчөсүнун ачылыш аземинде айткан.
“Анткени өзүңүздөр жакшы билесиңер, чоң шаарларда унаа базарлары, чоң соода түйүндөр, базарлар шаардын сыртында болот. Ошол себептен ушул биз Жапалак айылы жакты шаардын борбору кылып, ушул жакка көбүрөөк көңүл буралы деп чечтик”,- деп билдирген ал.
Токторбаев ошондой эле аталган айылга кийинки жылы эрте жаздан баштап соода борборлору кура баштоо пландалып жатканын билдирген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом