Кумар оюндарынын сүйүүчүсү жубайын досторуна уттуруп жиберген

Кумар оюндарынын сүйүүчүсү жубайын досторуна уттуруп жиберген

Индиянын Бихар штатынын тургуну кумар оюндарынын сүйүүчүсү өз жубайын досторуна уттуруп жиберген. Оюндун шарттары менен аялын досторуна жиберип турган, алар аялды зордукташкан. Жубайы жолдошуна анын досторуна барбай турганын айтып каршылык көргөзгөдө, күйөөсү ага кислота чачып жиберген. Бул тууралуу чет элдик The Independent басылмасы жазды.

“Жубайлар 10 жылдан бери чогу жашайт. Күйөөсү жубайын октябрь айынын аягында уттуруп ийген. Оюндун эрежеси боюнча, эркек жубайын мажбурлап досторуна жиберип турган. Жубайы барбай турганын айтканда күйөөсү аны сабап, үйдө камап койчу. 2 -ноябрь күнү аялы дагы барбайм деп чыр салганда, күйөөсү ага кислота чачып жиберген”, — дейт полиция кызматкери Раджеш Кумар.

Учурда укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, аты жашырылган шектүү камакка алынган. Ал кислота колдонуп кол салуу жана көптөп зордуктоодо күнөлүү деп табылган. Ошондой эле бул ишке катыштыгы бар адамдардын өздүгү такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>