Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, кампадан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы 16-мартта оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жер-жерлерге жөнөтүлүп баштады. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Бул продуктылар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.
Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.