Джети-Огуздан чыккан жигит «Росатомдун» эл аралык кеңешине кантип мүчө болгон?Бишкекте «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачатBoho Beach Bar’дан кийинки таштанды — Самат Дөөлөтбаков кырдаалга комментарий бердиОш шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөтАраван районунда пахта терүү иштери башталдыКаспийдеги кырсыктан аман калган жоокер ал-күчү түгөнгүчө кызматташын издеген
Бишкекте каракчылыкка шектелип өспүрүм кармалды
17.03.2022 | 09:16
Бишкекте тоноочулукка шектелген жашы жете элек өспүрүм кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга шаар тургуну кайрылып, 8-март күнү базарлардын биринде бир жигит уулун бычак менен коркутуп, 14 миң 100 сомдук уюлдук телефонун уурдап кетип, изин жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси «Каракчылык» боюнча иш козголду. Укук коргоо кызматкерлери 16 жаштагы шектүүнү таап, кармашкан. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын үй камагында калтырган. Шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар-жогун тактоодо.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар