Кумшекер менен өсүмдүк майы матрезервден аймактарга жөнөтүлүүдө (ВИДЕО)

Кумшекер менен өсүмдүк майы матрезервден аймактарга жөнөтүлүүдө (ВИДЕО)

Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, кампадан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы 16-мартта оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жер-жерлерге жөнөтүлүп баштады.  Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Бул продуктылар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

 

Ошондой эле Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>