2024-жылы Кумтөр кенинен 12 тонна 552 кг алтын өндүрүлгөн. Ал эми алтынды сатуудан түшкөн киреше 989,1 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын төрагасы Бузурман Субанов 25-апрелде өткөн «Кыргызалтын» ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда билдирди.
Жыйында «Кумтөр Голд Компанинин» 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн отчету каралып, кабыл алынды.
«2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бюджетине болгон салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдүн көлөмү план боюнча 177,5 млн доллар болсо, иш жүзүндө 184,8 млн доллар же 16,1 млрд сом которулду. Ал эми план боюнча таза киреше 186,8 млн доллар деп белгилинсе, иш жүзүндө 397,4 млн долларды түздү», – деди жыйында Бузурман Субанов.
«Кыргызалтындын» төрагасы Кубат Абдраимов жыйында 2025-жылы ишкананын Кумтөр кен жайында жер астынан алтын казуу, Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жаңгарт аянтында геологиялык чалгындоону улантуу милдеттери турганын, ошондой эле калдык сактоочу жайды кайра иштетүүнү да ишке ашыруу зарыл экендигин билдирген.