Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалган
Кур тагынбай, баласын алдына олтургузуп унаа айдаган келинге чара көрүлөт
12.08.2024 | 16:44
Коопсуздук курун тагынбай, баласын тизесине олтургузуп, унаа айдаган Айгерим аттуу келин изделүүдө. Анын видеосу социалдык тармакка жарыяланды.
Ал жол эрежесин бузуу менен рул башкарган видеосун Instagram баракчасына жүктөп, катталуучуларына айдоочу күбөлүгү жоктугун айткан.
“МАИге кармалсам, дароо кайынагама чалам. Ошон үчүн Ошто тартынбай жүрөм. Азыр көбү машинаны таанып, тоспой калды. Болбосо 100 миңдей акча ошолорго кетмек”, – дейт Айгерим.
Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айдоочуга тиешелүү чара көрүлөрүн жана анын кайынагасы ким экендиги дагы такталып жатканын кабарлады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом