Иши сотто каралып жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиев чет өлкөгө чыгуу үчүн соттон уруксат алган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Белгилүү болгондой, быйыл жыл башында УКМК Жамгырчиевге «мыйзамсыз чек арадан өтүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, натыйжада ал депутаттык мандатынан ажыраган. Учурда анын иши Биринчи май райондук сотуна каралууда. Ага эч жакка кетпөө бөгөт чарасы коюлган.
Бирок ал Дубайга (БАЭ) барып, издөөдө жүргөн активист Тилекмат Куренов менен жолукканы кечээ, 19-ноябрда белгилүү болду. Журналист Болот Темировдун айтымында, Жамгырчиев Дубайда Куреновдун паспортун уурдап, аны кармоого жардам берген. Куренов суракка алынып, бирок БАЭнин укук коргоо органдары аны өлкөдөн чыгарып кетүүгө уруксат берген эмес.
Эмил Жамгырчиев аталган билдирүү боюнча үн катып, Куренов менен жолукканын ырастады. Мурдагы депутаттын айтымында, ал буга чейин Куренов менен телефон аркылуу сүйлөшүп жүргөн, анын суранычы менен үй-бүлөсүнө жардам берген учуру болгон.
Акыркы жолу сүйлөшкөндө Куренов кызы ооруп жатканын айтып көмөк сураганда, жардам берүүнү чечкен. Жамгырчиев атасы ооруп жатканын, аны Дубайга алып бара турганын айтканда, Куренов ага билет алдырып, ошол жактан кызына жардам бере ала турган адамдар менен тааныштырууну суранган. Алар Дубайда жолугуп, чогуу тамактанган. Жамгырчиев ага «колунан келген жардамын берген».
Ал журналист Темировдун «Жамгырчиев Куреновдун паспортун уурдаган» деген сөздөрүн төгүндөп, аталган билдирүү Болот Темиров менен Тилекмат Куреновдун упай топтоо үчүн атайын даярдаган планы деп атады.
«Көп өтпөй «Дубайда жүргөн видеоңду коомчулукка чыгарам, дагы акча бересиң» деп талап кое баштады. Көрсө, буга чейинки сүйлөшүүлөрдү жаздырып, жолукканыбыздан бери видеого түшүрүп жүргөн экен. Бул Болот (Темиров – ред.) экөөнүн алдын ала даярдаган сценарийинин бир бөлүгү экенин эми билип отурам», — дейт Жамгырчиев.
Ал Кыргызстанга кайтып келгенин, Тилекмат Куреновго бийликке каршы үгүттөө максатында жардам бербегенин айтып, ага жолукканы үчүн УКМКга суракка чакырылганын билдирди.
Жамгырчиевдин Дубайга барып келгени белгилүү болгондон кийин соцтармактарда «анын эч жакка кетпөө деген бөгөт чарасы болсо, чет өлкөгө кантип чыккан?» деген суроолор бериле баштаган.
Биринчи май райондук соту Reporter.kg’ге билдиргендей, 13-ноябрда мурдагы депутаттын жактоочусу Эмил Жамгырчиевге чет өлкөгө чыгууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган. Сот ага 23-ноябрга чейин чет жакка чыгууга уруксат берген.