УКМК Эмил Жамгырчиевдин эмнеге камалганын айтты

УКМК Эмил Жамгырчиевдин эмнеге камалганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кайра кошуна өлкөгө чыгып кетмекчи болгондугу боюнча ыкчам маалымат түшкөн. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мекеме эл өкүлү тергөөдөн качып, башка өлкөдө жашынууну пландаганын белгилейт.

«Сыртка чыгып кетүү реалдуу мүмкүнчүлүгү болгондуктан ага мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы менен айып тагылып, ал 26-февралга чейин камакка алынды», — дейт комитет.

УКМК Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши жакында аяктап, сотко жөнөтүлөрүн белгилейт.

Белгилей кетсек, 10-январда Жогорку Кеңеш депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Тергөөнүн билдирүүсүндө, депутат 2022-жылдын декабрь айында кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Ташкентте криминалдык чөйрөнүн өкүлү Салимбай Абдувалиев менен жолуккан.

9-январда тергөөчүлөрдөн качып, «Акүйдүн» экинчи кабатынан секирип кеткенден кийин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутатты коркпой сотко келүүсүн, ал камакка алынбастыгын айткан.

Ташиев: Жамгырчиевди эч ким камабайт, качпай сотко келсин

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>