ӨКМ каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө жардам берди
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Курман айтка карата кайрымдуулук уюштурду, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, бүгүн, 9-июлда Курман айт майрамына карата аянтта айт намаздан соң министрликтин чарбалык ишканасынын каражатынын эсебинен алынган бодо мал союлуп, аз камсыз болгон жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө, балдарын тарбиялаган жалгыз бой энелерге таратылды. Эт 80ге жакын кызматкерге таратылып, алар ыраазычылыктарын билдиришти.
Мусулмандардын улуу майрамы – Курман айтта коомдун аярлуу катмарына, багар-көрөрү жокторго, кыйналып турган жарандарга жардам берүү ар бир жарандын парзы. Аларга жакшы мамиле, кайрымдуулук, боорукерлик менен сый мамиле кылуу жалпы мусулманчылыкта өзгөчө орунду ээлейт.
[image_carousel source=”media: 143211,143212,143213,143214,143215″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]