Кыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болдуМамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктадыБишкектеги Тез жардам ооруканасын жана №9 ҮМБны капиталдык оңдоого 182 млн сом бөлүндүЖаан, кар жаайт: 5-мартка карата аба ырайыБыйыл Бишкекке 2 млн бир жылдык гүл отургузулат
Курман айтка карата базарда малдын баасы канча?
04.06.2025 | 12:41
6-июнь – Курман айтка карата Reporter.kg маалымат агенттиги Бишкек шаарындагы Жантай мал базарына барып, малдын баасын билди.
Аталган базарда учурда козу, боруктар 15 миңден 18 миңге чейин сатылып, койлордун баасы 25 миңге чейин болууда.
Ал эми бодо малдан кунаажындардын баасы 75-100 миңге чейин, уйлардын баасы 100 миңден 120 миңге чейин болууда. Ал эми букалар 120 миңден 150 миңге чейин сатылууда.
Курман айтта курмандыкка чалынуучу мал эттуу, эч кандай майыптыгы жок болууга тийиш.
Белгилей кетсек, быйыл Курман айт 6-июнда, ал эми арапа күнү 5-июнда белгиленет.
Видеону көрүү үчүн биздин инстаграмга өтүңүз
Теги: Редактордун тандоосу