Бишкектин улгайган тургуну телефон алдамчыларына жыйырма эки миллион сомдон ашык каражат которгонУКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталды
Курманбек Бакиевдин бир тууганын иши сотко өтө элек
21.05.2021 | 15:37
Каныбек Бакиевдин жазык иши Жалал-Абад шаардык сотуна түшө элек. Бул тууралуу Reporter.kg порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Каныбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин бир тууган агасы.
Белгилей кетсек, Каныбек Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Ошондой эле иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилбегени айтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар