«Кыргызтелеком» жана «Кыргыз почтасы» Нарында бала бакчаны менчиктештирип алган

«Кыргызтелеком» жана «Кыргыз почтасы» Нарында бала бакчаны менчиктештирип алган

Нарын облусунун Ат-Башын районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому жана Ат-Башы районунун «Кыргыз почтасы» мамлекеттик мекемеси, КР «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын талаптарын бузуу менен, аталган айыл өкмөтүндөгү «Тамчы-Булак» муниципалдык бала бакчасынын имаратынын ичиндеги, жалпы аянты 44,72 чарчы метр болгон эки бөлмөнү мыйзамсыз менчиктештирип алышканы аныкталган.

Аталган объектилерди кайтаруу максатында райондун прокуратурасы 28-апрелде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын атына сунуш киргизген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мыйзамсыз менчиктештирилген бөлмөлөр “Тамчы-Булак” бала бакчасынын менчигине кайтарылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>