logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Курманбек Бакиевдин бир тууганын иши сотко өтө элек

Курманбек Бакиевдин бир тууганын иши сотко өтө элек

Каныбек Бакиевдин жазык иши Жалал-Абад шаардык сотуна түшө элек. Бул тууралуу Reporter.kg порталына облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Каныбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган Курманбек Бакиевдин бир тууган агасы.

Белгилей кетсек, Каныбек Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Ошондой эле иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилбегени айтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>