Бишкекте айрым көчөлөрдө убактылуу ысык суу өчүрүлөтТурдакун Усубалиевдин жакындары Кочкордун аталышын өзгөртүүгө каршы чыктыБишкекте Гоголь көчөсүндөгү бала бакча капиталдык оңдолууда«Манас» аэропортуна улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга унаа токтотуучу жайга кирүүгө уруксат бердиМунарбек Сейитбек уулу дүйнөлүк бокс рейтингинде 3-орунду ээледиШаардык сот Кой-Таш окуясы боюнча өкүм чыгарды
Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалды
22.10.2020 | 09:41
Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Башкы прокурор болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.
Кечээ Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде жана парламенттин жалпы жыйынында Зулушевдин талапкерлиги жактырылган. Ушул эле күнү Жогорку Кеңеш эки жылдан бери Башкы көзөмөл органын жетектеп келген Өткүрбек Жамшитовдун кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берген.
Зулушев 2000-жылдан 2015-жылга чейин сот жана прокуратура тармагында эмгектенген. 2015-жылы «Республика – Ата Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышына депутат болуп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат