Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү дагы эки айга узартылды

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үй камагындагы мөөнөтү 23- февралга чейин узартылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алганын, райондук соттон кабарлашты.

Курсан Асанов 8-август күнү Атамбаевди кармоо операциясында “милициянын кызыкчылыгын сатты” деп,  13-август күнү ээлеген кызматынан бошотулган.

27-августта ал  үй камагына алынып, ушул эле күнү анын 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Кийин анын үй камагындагы мөөнөтү 23-декбарга чейин узартылган.

Башкы прокуратура ага, “Атамбаевдин үйүнөн алынган баштыктагы  далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган” деген айып таккан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>