«Күйөөм, кызым жер төлөдө кармады». Аял ага зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоону суранат

«Күйөөм, кызым жер төлөдө кармады». Аял ага зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоону суранат

Ысык-Көл облусунун тергөө жана сот органдары Каракол шаарынын тургунун үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу арызын карабай коюшту. Бул тууралуу жаран Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын Ысык-Көл областынын эли менен жолугушуу учурунда кайрылып, жардам сурады.

Аялдын айтымында, ал 2 жыл мурда зомбулукка кабылган.

“Туугандарым – күйөөм, кызым жана күйөө балам мени байлап жана жер төлөдө кармашты. Бул окуя эки жыл мурда болгон, бирок алар эмдигиче жазасын алыша элек. Ал эми өз маалында чара көрбөгөн тергөө органдарынын кызматкерлери дагы жазаланышкан жок», — дейт аял.

Анын күйөөсүнө карата гана иш козголуп, сот аны шарттуу жазалоо тууралуу чечим чыгарды.

«Кайсы жакка кайрылбайын баары тең ары-бери жөнөтүшөт. Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өздөрүнүн билдирмелеринде баардык бузулууларды көрсөтүшкөнүнө карабай, тиешелүү мамлекеттик органдар кат жазып коюп гана отурушат”, — деп нааразы болду аял.

Акыйкатчы менен жолугушууга Караколдун 170 жашоочусу катышып, көбү милиция, прокуратура, сот системасынын кызматкерлери тарабынан укуктары бузулуп жатканына арызданышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>