Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар менен балдарды атайын унаа ташыйт

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар менен балдарды атайын унаа ташыйт

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга социалдык унаалар жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык кызматтын унаалар балдарды өмүрүнө коркунуч туудурган кырдаалдардан тез арада чыгарууда жана аларды борборлорго жеткирүүгө тартылат. Андан тышкары, интернатка которууда, тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык кароолордо коштоп жүрөт.

Атайын транспорт менен социалдык кызматкерлер рейдке чыгып, кайырчылыкка, селсаяктыкка катышкан аялдарды жана балдарды, кароосуз калган жашы жете электерди аныктоо иштерин жүргүзө алышат.

“Социалдык унаа” салонунда документтерди тариздөө, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн үстөл орнотулуп, аялдарды жана балдарды ташууга, мобилдик топтун кызматкерлерине шарттар түзүлгөн.

Бул кызмат суткасына 24 саат, жумасына 7 күн көрсөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>