БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Күйөөсүнөн токмок жеген аял видеону таркаткандарды жазалоону талап кылат
13.05.2024 | 14:24
Ошто аялды сабаган эркек аныкталып, кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, интернетте тараган видеодогу окуя 10-майдан 11-майга караган түнү саат 2 чамаларында “Арча” сулуулук салонунун алдында болгон.
Милиция бул фактыны “үй бүлөлүк зомбулук” катары каттап, 23 жаштагы шаар тургунун 24 саатка камоого алды.
Жабырлануучу Ноокат районунун тургуну У.Р. кол көтөргөн эркек менен жарандык никеде турат. Аял күйөөсүнө каршы арыз жазуудан баш тартып, анын сабалганы боюнча видеону таркаткан жарандарга каршы чара көрүү талабы менен милицияга арыз жазды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом