Кылмыштуу топтун мүчөсү таксисттин кекиртеген кесип салган. Шектүү кармалды

Кылмыштуу топтун мүчөсү таксисттин кекиртеген кесип салган. Шектүү кармалды

Ушул жылдын 12-мартында Сокулук районунун Белек айылында кекиртеги кесилип киши колдуу болгон таксисттин өлүмүнө шектүү катары издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабаралайт.

Белгилүү болгондой, 10-март күнү түнкү саат 23:00 чамасында Бишкек шаарынын Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар таксисттен Сокулук районунун жанына жеткирип коюну суранышкан.

Түнкү саат 02:30 чамасында Сокулук районунда, ээн жерден алар таксиске кол салышып, катуу буюм жана бычак менен анын кекиртегин кесип салышкан. Андан соң өлтүрүлгөн адамдын сөөгүн кылмыш болгон жерден алыс эмес жерге таштап, анын унаасын минип Бишкек шаарына кайтып келишкен.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн таксисттин “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү  унаасы орундугу кан болгон абалда борбордогу көчөлөрдүн биринен табылган.

Бул факты (“Адам өлтүрүү”) беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүү катары 21, 24 жана 31 жаштагы жарандар кармалган.

Ал эми 20-ноябрь күнү кармалган 29 жаштагы шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>