Бишкекте бычак менен коркутуп, шаар тургунунун унаасын күч менен тартып алууга шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой 4-августта «102» кызматына белгисиз бирөөлөр шаар тургунунун унаасын тартып алганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барган. Белгилүү болгондой болжол менен саат 14:30да май куюучу жайлардын биринде белгисиз бирөөлөр күч колдонуп, бычак менен коркутуп К.С аттуу жарандын Mercedes Gelandewagen унаасын тартып алган.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылган.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон 27 жаштагы Т.Ж. жана Ж.Н. аттуу жарандар кармалган. Маалым болгондой кармалгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат. Учурда кармалгандар камакка алынган.
Ошондой эле милиция кызматкерлери уурдалган Mercedes Gelandewagen унаасын табышкан.
Азыркы тапта кылмышка катышы бар башка адамдардын аты-жөнү такталып, аларды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда