Бир дарак кыйсаң — бешти отургуз: Бекешев Кыргызстанда жаңы мыйзам сунуштадыФутбол: Караколдун «Барс» клубу Кыргызстандын 2026-жылкы чемпиону болдуЫсык-Көлдө тоо эчкилери менен Марко Поло аркарлары видеого тартылдыСадыр Жапаров кайрылууларды кароонун жаңы эрежелерин бекиттиАйдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалдыАла-Арчада жоголгон 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө тик учак жөнөтүлөт
Баткенде мурунку аялын сабап, зордуктаган киши кармалды
11.08.2022 | 15:09
Кызыл-Кыя шаарында аялды мурунку күйөөсү зордуктап, сабап, андан кийин тергөөдөн жашырынып жүргөн. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунун 33 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал 21-июль күнү 35 жаштагы мурдагы күйөөсү аны Таштемир-Ата борбордук базарынын жанындагы талаага күч менен алып барып, сабап, зордуктаганын билдирген.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) боюнча каттоого алынган. Кылмышка шектүү Ысык-Көл облусунда жашырынып жүргөн жеринен табылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал