Кыргыз делегациясы ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы глобалдык альянстын жыйынына катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Доха шаарында (Катар) өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышты.
Өкмөт кабарлагандай, Эдил Байсалов дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыкка жана жакырчылыкка дуушар болуп жатканын белгилеп, алардын азап-кайгысын жеңилдетүү үчүн бардык мамлекеттер биргеликте аракеттениши керектигин айтты. Ал өзгөчө Палестина элине тилектештик сөздөрүн билдирди.
Кыргызстандык делегация, Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында, ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы глобалдык альянстын максаттарын колдоп, универсалдуу максаттарды бөлүшөрүн баса белгиледи.
Маалымат үчүн: Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы глобалдык альянс 2024-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн G20 саммитинде түзүлгөн жана учурда 104 мамлекеттин катышуусу менен иштейт.