Кыргыз-казак чек арасы жарандар үчүн да ачылды

Кыргыз-казак чек арасы жарандар үчүн да ачылды

Бүгүн, 7-сентябрдан тарта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү жайы ишин жандантты. Бул туурасында Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган өткөрмө бекети күндүз саат 08:00дөн 18:00гө чейин иштейт. «Каркыра» өткөрмө бекетинен адамдар, транспорт каражаттары, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлөт.

Ошондой эле Чек ара кызматы жарандарды Казакстанга барарда казак тарап киргизген чектөөлөр менен таанышып алууга чакырды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>