Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы күнүнө 3-4 жүк ташуучу унааны гана өткөрүүдө. Бул тууралуу депутат Мурадил Сыдыков парламент жыйынында билдирди.
Депутат тийиштүү комитетке оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана транспорттук-логистикалык ишканалардан арыздар түшүп жатканын айтты.
“Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалар көпкө кармалууда. Жүзгө жакын жүк ташуучу унаа топтолуп калды. Алардын айрымдары бир айдан бери токтоп турат”, — деди ал.
Ал маселени өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечүүнү сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз