Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Кыргыз-казак чек арасы: Жүк ташуучу унаалар аз өтүүдө
03.11.2022 | 23:22
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы бажы күнүнө 3-4 жүк ташуучу унааны гана өткөрүүдө. Бул тууралуу депутат Мурадил Сыдыков парламент жыйынында билдирди.
Депутат тийиштүү комитетке оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары жана транспорттук-логистикалык ишканалардан арыздар түшүп жатканын айтты.
“Кыргызстан менен Казакстандын аймагында жүк ташуучу унаалар көпкө кармалууда. Жүзгө жакын жүк ташуучу унаа топтолуп калды. Алардын айрымдары бир айдан бери токтоп турат”, – деди ал.
Ал маселени өкмөт башчыларынын деңгээлинде чечүүнү сунуштады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар