Кыргызстан жерлерди калыбына келтирүү боюнча эл аралык программага кошулдуКытайлык компания Кыргызстанда дрон чыгаруучу завод курууну пландоодоБишкекте ысык суунун тарифи өзгөрдүКыргызстандын бийлиги кремацияга 2040-жылга чейин тыюу салууну сунуштоодоЧолпон-Атада айланма жолдун курулушу башталдыТоктогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилди
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
31.03.2021 | 16:34
“Торугарт-Автодорожный” жана “Иркештам-Автодорожный” өткөрүү пункттары товарларды өткөрүү үчүн 3-апрелден 5-апрелге чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Буга Кытайдын салттуу курман болгондорду эскерүү майрамы Цинминдин майрамы себеп болду.
Унаалардын жана товарлардын өтүүсү 2021-жылдын 6-апрелинде улантылат.
“Торугарт-Автодорожный” жана “Иркештам-Автодорожный” өткөрүү пункттары Кытайдан Кыргызстанга товар ташууну гана камсыз кылган атайын алгоритм боюнча иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом