Кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, бул кытай тараптын демилгеси менен КЭР Жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу.
“Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2024-жылдын 13-февралынан баштап жанданат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз