Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы «Дуань-у» майрамына карата жабылат.
Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз