«Ынтымак» паркындагы вандализм актысы: кыз жазууну өчүрдү (видео)

«Ынтымак» паркындагы вандализм актысы: кыз жазууну өчүрдү (видео)

Бишкек шаарында «Ынтымак» сейил багындагы вандализм аракетин жасаган кыз кечирим сурады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖМКларда жана социалдык тармактарда nurbekova___s аттуу колдонуучу “Ынтымак” паркындагы амфитеатрга жазуу калтырып, вандализм аракетин жасаган видео чыккан.

Кийинчерээк кыз борбор шаарыбызды күн сайын көрктөндүрүп жаткан шаардык кызматтардан кечирим сурап, жазууну өчүрдү.

“Урматтуу шаардыктар! Сиздерден муниципалдык менчикке зыян келтирбөөнү жана шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлоону суранабыз. Ошондой эле вандализм Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесине ылайык жазаланарын эскертебиз”, — деп билдирет мэрия.

Ошондой эле, мамлекет тарабынан коргоого алынган тарыхый, маданий же жаратылыш объектилерин жазуулар, чиймелер же башка ыкмалар менен мазактоо, ошондой эле транспортто же башка коомдук жайларда мүлккө зыян келтирүү — эсептик көрсөткүчтүн 200дөн 500гө чейинки өлчөмүндө айып салууга же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө же кырк сааттан жүз саатка чейинки мөөнөткө коомдук жумуштарга тартууга жазаланарын белгилейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>