Видео: Кызыл китепке кирген балык браконьерлердин торунан куткарылды

Видео: Кызыл китепке кирген балык браконьерлердин торунан куткарылды

Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорунда 17-июндан 20-июнга чейин туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери тарабынан облустук милициянын башчысы Орунбай Кочкоровдун жетектөөсүндө, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына коркунуч туудурган көлдөгү калдыкт-таштандылардан жана балык уулоочу браконьердик кытай синтетикалык торлорунан тазалап-арылтуу боюнча кезектеги атайын иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, үч күндүк иштин натыйжасында 5400 метр Кытай синтетикалык торлору жана 20 килограммдан ашык металл жана пластик калдыктары суудан жээкке чыгарылып, кайра иштетүүчү атайын заводго жөнөтүлдү.

Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун көл жээгинде кызыл китепке кирген «Маринка» балыгы бараконьер торуна чырмалып калган жеринен куткарылып, кайра көлгө кое берилди.

Мындай иш аракет экосистемада тең салмактуулукту сактоого жардам берет жана жаратылышка сый мамиле жасоону камсыз кылат.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү атайын операциялар жана жаратылышты коргоо чаралары аркылуу браконьерлик жана башка экологиялык көйгөйлөр менен күрөшүп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>