Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүү жүрдү
25.04.2023 | 21:55
19-апрелден 25-апрелге чейин Баткен шаарында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду», – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат