PWL-4: Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт

PWL-4: Бүгүн Акжол Махмудов менен Роман Власов күрөшөт

Бүгүн, 26-апрелде грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) менен россиялык спортчу Роман Власов күрөшөт. Беттеш Алматы шаарында Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында өтөт.

Эки спортчунун таймашы мелдештин башкы беттеши болуп саналат. Махмудов менен Власовдун күрөшүн күйөрмандар көп убакыттан бери күтүп келе жаткан.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00до башталат. Ал эми Махмудов менен Власовдун кармашы болжол менен саат 23:00до болот.

Акжол Махмудов — Олимпиада жана Азия оюндарынын күмүш байгесинин ээси, дүйнөнүн бир жана Азиянын үч жолку чемпиону, бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү жана байге ээси.

Ал эми Роман Власов Олимпиаданын эки жолку жеңүүчүсү, дүйнөнүн үч жана Европанын төрт жолку чемпиону болуп саналат. Ал да бир катар эл аралык жеңүүчүсү жана байге ээси.

Эскерте кетсек, Poddubny Wrestling League-4 мелдешинин алкагында Махмудовдон тышкары дагы 3 кыргызстандык спортчу күрөшөт. Жоламан Шаршенбеков (60 кг) россиялык Динислам Бамматов, Үзүр Жусупбеков (97 кг) Артур Саргсян, аны менен бирге эркин күрөштөн Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) Абасгаджи Магомедов менен таймашка чыгат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>