Ниязбеков БУУнун Качкындар иштеринин өкүлү менен кездешти

Ниязбеков БУУнун Качкындар иштеринин өкүлү менен кездешти

Ички иштер министринин орун басары Суюнбек Ниязбеков БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку Комиссарынын башкармалыгынын (БУУ КЖКБ) Улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков, Министрликтин ыйгарым укуктарынын карамагына кирген бардык негизги маселелерди конструктивдүү талкуулоого ачык экенин белгиледи. Ошондой эле бул багытта Ички иштер органдары БУУнун “Качкындардын статусу жөнүндө” Конвенциясынын бизге жүктөлгөн милдеттерин аткарууга өзгөчө көңүл буруп, бардык күч-аракетин жумшап жаткандыгын кошумчалады.

Өз кезегинде Иван Салеев Ички иштер министрлиги БУУнун КЖКБ менен активдүү иштеп жатканын белгилеп, мындан ары жемиштүү кызматташууга үмүт артарын билдирди.

Тараптар жарандыгы жок адамдардын укуктарын сактоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Ички иштер министрлиги Кыргызстанда жүргөн качкындардын жана мигранттардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чөйрөсүндө өз ара пайдалуу мамилени бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр деп ишендирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>