Кыргыз-Тажик чек арасы: Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Кыргыз-Тажик чек арасы: Мойноктогу чырды эки өлкө өз алдынча иликтейт

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде Орозо айт күнү болгон ок атышуудан кийин эки өлкөнүн чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, окуяны ар ким өз алдынча иликтей баштады. Соңку окуя боюнча эки өлкө эки башка маалымат таратты.

24-майда ок чыгаруу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, жаңжалга Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочулары малын Ак-Сай айыл аймагынын жерине айдап келгени түрткү болгон. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок чыгарышкан. Кыргызстан тараптан эч ким жабыркаган эмес.

Окуядан көп өтпөй эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, жаңжал жайгарылган. Баткен районунун акими Каланбай Маркаев окуяны эки тарап өз-өзүнчө иликтей баштаганын айтты.

«Сүйлөшүүлөр 24-майда болду. Чек арачылар гана сүйлөштү. Биз тараптан №2022 чек ара отрядынын командири, тажик тараптан Исфара району боюнча чек ара командири келди. Окуя боюнча эки тарап өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болду. Жаңжалдын чыгышына тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына малын жайганы себеп болгон. Кыргыз чек арачылары 23-майда тажик атуулдарына 200 баш малды айдап келгени үчүн эскертүү беришкен экен. Ага карабай 24-майда кайрадан 60 баштай мал жайышкан. Кыргыз чек арачылары аларды тоскондо тажик чек арачылар келип, ортодо атышуу болуп кеткен».

Кыргыз тарап аймагына кошуна өлкөнүн жарандары малын жаюуга тыюу салган мыйзамына таянып, чек арага жакын жайыттардын кире беришине блокпосттор орнотулган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым. Мунун ичинен 519 чакырымы такталган, калганы талаштуу бойдон турат. Бул жерлерде жайыт, жер, сугат суу талашынан улам эки элдин ортосунда чыр-чатак көп катталат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>