Бүгүн, 29-апрелде Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн чектешкен жеринде, тагыраагы Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Кошмоло жерлигинде кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн маалымат кызматы кабарлады.
Демаркация ишин баштоого УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев онлайн түрдө старт берди. Ал эми иш-чарага жеринде Чек ара кызматынын жетекчиси Абдикарим Алимбаев, Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назырбек Бөрүбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана чек арачылар катышты.
Чек араны тосуу иштери үчүн аталган аймакка атайын талаа шаарчасы курулуп, чек арачылар үчүн шарттар түзүлгөн. Ошондой эле керектүү техника алынып келген.
1 — этапта аталган чек аранын 420 км аралыгына зым тартылат. Бул ишти жыл аягына чейин бүткөрүү пландалган.
Белгилей кетсек, буга чейин кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо иштери аяктап, 2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын өлкө башчылары чек ара боюнча келишимге кол койгон.