Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чатак катталган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдонгондугу маалымдалган.
Эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп, окуя болгон жерде иш алып барууда.
“Учурда ок атышуу токтоду. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч”, — деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз