23-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында өткүн өтөтДастан Бекешев: Орунтаев менен мэр Бишкекти маскаралап бүтүштүЯндекс Кыргызстан экономикага кошкон салымы үчүн Экономика министрлигинин сыйлыгын алдыИИМ мектеп окуу китептерин сатуу боюнча кылмыш иши козголгонсун тастыктадыКыргызстан АКШдан 10 магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алатКараколдун мэри Иманов — Ширшовдун фондунун миллиарддары, туризм жана сындар тууралуу
Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу токтоду
14.09.2022 | 10:37
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы чырды жөнгө салуу боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн маалымдашты.
Бүгүн, 14-сентябрда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен Кыргызстан жана Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда чыр чатак катталган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдонгондугу маалымдалган.
Эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп, окуя болгон жерде иш алып барууда.
“Учурда ок атышуу токтоду. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар жок. Калган аймакта абал тынч”, – деп айтылат өкүлчүлүктүн маалыматында.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом