Бишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалууда
“Кыргыз темир жолундагы” коррупция. Түштүк бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси кармалды
15.12.2020 | 15:45
УКМКнын кабарлашынча “Кыргыз темир жолу” ишканасы сатып алууларды жүргүзүүдө коррупциялык схема колдонуп келгени аныкталган.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.
Буга байланыштуу 14-декабрда «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» Мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал аталган ишкананы жетектеп турганда жүргүзүлгөн сатып алуулардан мамлекеттик казынага 11 миллион сомдон ашуун зыян келгени аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар